• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 23 от казаны газга которулду

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 23 от казаны газга которулду. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, кыштын келиши менен дароо эле түтүн маселеси жаралат.

“Бүгүн биз ушул көйгөйдү чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ага ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 23 от казаны газ менен иштейт. Ал эми “Орто-Сай” жана “Ротор” от казандарына жалпак күн коллекторлору орнотулган. Бул ыкма өзүн жакшы жагынан далилдеди, күн батареяларын орнотуу менен зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы 30,27 тоннага азайды. Бир гана от казандын газга өткөрүлгөндүгү абага чыккан заттардын көлөмүн жылына 25 тоннага азайтты”, - дейт ал.

Кудайбергенов кошумчалагандай, жылытуу мезгилине карата 47 от казан даярдалып, калган 19 от казан 1-октябрга чейин даяр болот.

Пикир

Оставить комментарий