• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №20 бала бакчада реконструкциялоо иштери 50 пайызга аяктады

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №20 бала бакчада реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Нарвская, 74 дарегинде жайгашкан бала бакчада капиталдык оңдоо иштери менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө иштердин 57 пайызы аяктады. Терезелерди орнотуу, имараттын профилин өзгөртүү жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда бакчанын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Мектепке чейинки мекеменин имараты эки кабаттан туруп, аянты 1 500 чарчы метрди түзөт. Ал эми бала бакчанын аймагынын аянты 0,52 гетарды түзөт.

Бала бакча 130 балага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар тайпа, кенже тайпа, 2 жогорку тайпа жана 2 мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө бөлмө каралган.
Ошондой эле медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү бар.

Мындан тышкары, бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий