• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Биз үчүн эң негизгиси – ачык шайлоо өткөрүү – Бишкек шаарынын мэринин кайрылуусу

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өтөт, үгүт компаниясы 17-октябрда башталды.

Бишкек шаарынын мэриясы өз компетенциясынын чегинде шайлоо өнөктүгүнө катышкан бардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзөт. Биз үчүн эң негизгиси – ачык-айкындуулуктун, калыстыктын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун негизинде ачык шайлоо өткөрүү!

Административдик ресурсту колдонуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимди жоготуп, акыйкат жыйынтыкка жетишүүгө тоскоол болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, ыкчам чара көрүү жана административдик ресурстун мыйзамсыз пайдаланылышына каршы туруу үчүн: 1840, 1850, +996 554 182 185 ишеним телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Ошондой эле, мэриянын борбордук аппаратынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин көңүлүн мыйзамды так сактоого буруп, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигин эске салгым келет.

Белгилей кетсек, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 17-1-беренесине ылайык, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрү жана уюштуруучулары тарабынан мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларынын үстүнөн, тигил же бул талапкерди, саясий партияны колдоонун саясий же башка формаларына айланып кетүүчү, бардык талапкерлердин теңдигин бузуучу финансыларды жана аларды бөлүштүрүүнүн үстүнөн контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз колдонулушуна жол берилбейт.

Мунун негизинде талапкерлерге шайлоодо оң натыйжаларга жетишүүгө жардам берүү, кызматтык ыйгарым укуктарды пайдалануу мыйзамсыз жана элдин эркинин принциптерине шек келтирген одоно мыйзам бузуу катары бааланат.

Эгерде административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга катыштыгы бар деген кыйытмалар аныкталса, кызматкер кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн кызматынан четтетилет жана мыйзамсыз аракеттер аныкталса, тартип бузгандар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчилик тартат жана анын ичинде ээлеген кызмат ордунан бошотулат".

Пикир

Оставить комментарий