Бишкек, 23.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Биз чыгарган лифттердин сапатына былтыркы жылга салыштырмалуу элдин ишеними өстү. Бул тууралуу SKY Industrial Group ишканасынын жетекчиси Рахат Жунушбаева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, былтыр борбор каалага 100гө жакын лифттер орнотулса, быйыл лифттин сапатына элдин ишеними артып 150 лифт орнотулган.
"Биз быйыл бир катар алгылыктуу иштерди жасай алдык. Биздин лифттер мамлекеттин колдоосу менен мамлекеттик ипотекалык компания курган турак-жайларга, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге, мамлекеттик обьектилерге дагы орнотулду. Мындан тышкары, өзүңүздөр билгендей президенттик администрациянын имараты "Ынтымак-Ордо" дагы жакында эле бүттү. Ошол жакка дагы биздин лифттер орнотулду.
Sky Elevators тун лифти "Алтын балалык" борборуна белек катары орнотулду. Биздин лифттер реабилитациядан өтүп жаткан балдардын жашоосун жеңилдетип жатканы биз үчүн чоң сыймык. Балдардын ден соолугу жана аларга түзүлгөн шарт - жаркын келечекке карай жол. Башкаларды да мындай демилгелерди колдоого шыктандырдык. Эң башкысы биз керектөөчүлөрдү эл аралык стандарттарга жооп берген, коопсуздугу бар, кепилдиги бар лифттер менен камсыздообуз",-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий