• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Биз гимнди өзгөртүшүбүз керек – Нурланбек Шакиев

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Биз гимнди өзгөртүшүбуз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, Советтер союзу тараган маалда, азаттыкты алганда биздин гимн жазылган. Ал күн өттү, биз бүгүн өнүгүп жаткан бакубат, кудуреттүү, келечектүү мамлекетте жашап жатабыз.

“Андыктан биз гимнди өзгөртөбүз. Келечектүү, бакубат, күчтүү Кыргызстандын гимнин жазабыз. Биз беш жаштан токсон жашка чейинкилер ырдай ала турган жөнөкөй, татыктуу, жакшынакай гимнди чыгарышыбыз керек”, - деди Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий