• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Биз көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүдөбүз – Садыр Жапаров

Президент 0

Айрым ЖМКларда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун россиялык журналистке берген маеги жарыяланды. Анда батыш өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы мамиле, анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу сөз болгон. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу өлкө башчысына суроолорун узатып, жооп алды.

— Саламатсызбы. Жакында эле “Россия-1” телеканалынын журналисти Павел Зарубин сиздин маекти жарыялап, аны бир катар ЖМКлар басып чыгарышты. Кеп, батыш өлкөлөрү Кыргызстанды Россия жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташпагыла деп көрсөтмө бербеши керек деген пикириңиз тууралуу. Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз? Россия же КМШ менен кызматташпоо тууралуу өтүнүчтөр болуп келеби? Аталган өлкөлөр менен кызматташпай коюу мүмкүнбү?

Ашхабаддагы форумда мага россиялык журналисттер күтүүсүздөн эле ушундай суроо берип кайрылып калышты. Мен даяр эмес элем бирок так жооп бергенге аракет кылдым.

Сиз суроо бергенден кийин дагы бир жолу толук жооп бергенге аракет кылайын.

Россия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Россияны жектеп келишет. Албетте, Россия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: "Россия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Россиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Россия аркылуу. Россияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Россия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Россия менен иштешип жатасыңар го. Россия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам.

Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү.

Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес.

— Россия менен кызматташпоо өтүнүчү бул мамлекетке батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкциялардан улам болуп жатабы же Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө кол кабыш кылууда деген шек саноолор болуп жатабы?

Албетте биз Бириккен Улуттар Уюмунун бир мүчөсү катары Россияга кирген санкциялык товарлар менен иштешкен жокпуз. Ошондуктан бул маселе боюнча бизге эч кандай доомат коё алышпайт.

Шек саноолору жок. Болушу да мүмкүн эмес. Жөн гана Россияга болгон жек көрүүлөрү болсо керек.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигини директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий