• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

“Жашыра турган эч нерсе жок”: БШК шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу мыйзамга ылайык жүрүп жатканын билдирет

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөй тил менен берет. Көрүнүп тургандай жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналар менен БШКда жайгашкан сервер 20:00дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУнун) маалыматтары АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт.

Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган система иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон.

БШКдан кошумчалашкандай, автоматташтырылган эсептөөчү урна (АСУ) менен серверге эч ким кире албайт. Анткени ал автоматташтырылган компьютер системасы. Ага адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагырак айтканда, шайлоо бүтөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтык кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарылат. Мыйзам боюнча да кол менен санап бүткөндөн кийинки жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет.

Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот. Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, АСУ (автоматташтырылган эсептөөчү урна) аны жараксыз деп эсептеп коет. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.

Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жашыра турган эч нерсе жок экендигин белгилеп, бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырат. Кол менен санап чыгууга 2-3 күн убакыт кетет. Жалпысынан республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөсү, анын ичинде партиялардын өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий