• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Бизди бириктирген Манас". Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген «Бизди бириктирген Манас» аталышындагы маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу "Этностан" коомдук бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган. Ага мамлекеттик органдын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, манасчылар жана Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Афганистандан келген этникалык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

"Жыйында этникалык кыргыздардын маданияты жана алардын арасынан чыккан манасчылар талкууланды. Ошондой эле кытайлык манасчы Жусуп Мамай жөнүндө тасма көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын соңунда улуу өнөрдүн улантуучуларын колдоо максатында "Этностан" маданий борбору тарабынан Кыргыз улуттук "Манас" театрына 30 миң сомдук сертификат тапшырылып, уюштуруучулар келээрки жылы мындай иш-чараны акындардын арасында өткөрүүнү көздөп жатышканын белгилешти.

Эске салсак, "Этностан" коомдук бирикмеси 2021-жылы негизделген. Бирикменин максаты Кыргызстан менен этникалык кыргыздар ортосунда маданий-гуманитардык байланыштардын түзүлүшүнө көпүрө болуу жана этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий