• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бизге "санариптик судьялар" керек – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Мезгил талабына ылайык бизге "санариптик судьялар" керек, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков КР судьяларынын XI курултайында.

Анын айтуусуна караганда, санариптештирүүнү тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел.

"Биздин судьялардын көпчүлүгү компьютерде иштегиси келбейт, кагаз-калемге көнүп калышкан. Илгерки замандагы адаты менен жардамчыларын, катчыларын жаздырышат", - деп билдирди Жээнбеков.

Компьютердик сабат — судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн зарыл бөлүгү болуп калышы зарыл.

"Бул тез арада жасала турган иш, биз кечигип жатабыз. Сот системасынын жетекчилиги өздөрү үлгү көрсөтүп, судьялардын бардык ишмердиги электрондук форматка өткөрүлөт деп ишенем. Убакыт аз. Иштерди электрондук форматта кароону киргизүү мөөнөтү көпкө созулбашы керек".

Жээнбеков Казакстанды мисал келтирип, ал жакта жарандык доо арыздардын 91 пайызы электрондук форматта экендигин билдирди.

"Соттордун бардыгын видеобайланыш системалары менен камсыз кылуу зарыл, бул сот адилеттигин аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Сот жыйналыштарын онлайн көрсөтүү судьялардын адилеттүү чечимдерди чыгарышына жол ачат. Бул сот бийлигине жарандардын ишенимин арттырат", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий