Бизнес-коомчулук менен туруктуу диалог түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири — Касымалиев

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев КР министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгы жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменини күн тартибине ылайык, 4 маселе каралды, анын ичинде Инвестициялык кеңештин катчысы Улук Кыдырбаевдин сунуштаган бетачары түрүндө маалымат угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалог түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, «Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы токтому менен мурунку эки Кеңештин базасында министрлер кабинетинин төрагасы башында турган жаңы Инвестициялык кеңеш түзүлгөн».

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Инвестициялык кеңештин ишинин маанилүүлүгүно токтолуп, катчыга тиешелүү мамлекеттик органдарга ыкчам кайрылуу менен бизнес маселелерин чечүү ыйгарым укуктары берилгенин белгиледи.

Буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары мамлекеттик органдар менен Инвестициялык кеңештин катчылыгынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин күн тартибинде белгиленген маселерди угуп жана талкуулаган соң министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары бир катар протоколдук тапшырмаларды берди, анын ичинде министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн жооптуу кызматкерлер катары министрликтердин жана ведомстволордун орун басарларын, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн аныктоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий