Boeing 737 MAX учактарынын өндүрүшүн жандантты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Boeing компаниясы жүргүнчү ташуучу «Боинг 737 MAX» учактарынын өндүрүшүн кайра жандантты. Бул үлгүдөгү учактарды өндүрүү беш ай мурда, эки кырсыктан улам 346 киши каза болгондон кийин токтотулган.

Маалыматка караганда, жумушчулардын коопсуздугун жогорулатуу жана учактын сапатын жакшыртуу үчүн азырынча өндүрүш төмөнкү темпте жүргүзүлөт.

Апрелде компания кардарларга 737 MAX учактарын жеткирүүнү үчүнчү кварталда, көзөмөл органдарынан уруксат алгандан кийин баштай турганын билдирген. Буга чейин Reuters агенттиги бул үлгүдөгү учактардын учуусуна августтан кийин гана уруксат берилерин кабарлаган.

737 MAX учактарынын учуусуна дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШда 2019-жылы мартта мораторий киргизилген. Бул үлгүдөгү учак 2018-жылы октябрда Индонезияда, 2019-жылы мартта Эфиопияда кулап, 346 киши каза болгон.

Бул окуяларга байланыштуу Boeing 2019-жылы жалпысынан тогуз миллиард доллар чыгымга учураган.

Ал ортодо коронавирус пандемиясынан улам учактарга болгон суроо-талап төмөндөп кеткендиктен, компания кызматкерлеринин санын 10 пайызга азайтууга ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий