• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. 30-ноябрда Эл аралык олимпиадалык комитеттин Токиодо өткөн жыйынында 2020-жылкы Олимп оюндарындагы бокс боюнча мелдештерди «токтото туруу» чечими кабыл алынды.

Мындай чечим бир ай мурда АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесиндеги өзбекстандык ишкер Гафур Рахимовдун Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу кабыл алынды, деп жазып чыкты centralasian.org.

Маалыматтарга караганда, Эл аралык олимпиадалык комитеттин Аткаруу комитетинин башчысы Ненад Лалович башында турган ревизиялык топ AIBA ишмердүүлүгүн текшерет. Кийинки айда баштала турган иликтөөнүн жыйынтыгы Эл аралык олимпиадалык комитеттин 2019-жылы Лозаннада өтө турган жыйынында каралып, акыркы чечим кабыл алынат.

Көз карандысыз байкоочулардын баамында, мунун жыйынтыгында AIBA Эл аралык олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылып, бокс олимпиадалык макамынан ажырашы мүмкүн.

АКШнын Юстиция министрлиги Рахимовду «трансулуттук мафияга» тиешеси бар деп айыптап, аны санкциялык тизмеге киргизген. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Гафур Рахимов өзбек бийлиги тарабынан издөөгө алынган. Учурда анын азыркы бийлик менен мамилеси жакшы.

Пикир

Оставить комментарий