• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бокс боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу маалымат

Спорт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Туура үч күндөн кийин, 26-июлда Парижде жайкы Олимпиада оюндары старт алат. Мелдештердин алгачкы күндөрүндө күчүн сынай турган ар кыл өлкөнүн спортчулары ушу тапта Францияга чогула башташты. 28-июлда бокс боюнча 57 кг салмак чениндеги 1/16 финалдык беттешке Кыргызстандан Мунарбек Сейитбек уулу чыгат.

Олимпиада оюндарын утурлай боксчу Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу учкай маалымат сунуштайбыз.

Өмүр баяны: Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан тартып эле бокс менен машыга баштаган. Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетин бүтүргөн. 2017-жылдан бери Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Бокс боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Былтыр Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында ал 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы медаль уткан мушкер болуп калды. Бул жеңишинен кийин президент Садыр Жапаров Мунарбек Сейитбек уулуна эки бөлмөлүү батир белек кылган.

Спорттогу ийгиликтери:

  • Кыргызстандын беш жолку чемпиону;
  • Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (Ташкент, 2023);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси;
  • Студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий