• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 154 спортчу катышууда. Биринчилик 20-23-март күндөрү өтөт.

Мушкерлер төмөнкү салмак ченинде күч сынашууда:

  • балдар арасында — 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг;
  • кыздар арасында — 51, 54, 57, 60, 63, 66 кг.

Пикир

Оставить комментарий