• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Болот Темировдун иши: аскердик билет мыйзамдуу берилген, бирок мыйзамсыз колдонулган

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаардык милициянын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальнигинин орун басары Чынарбек Майлибеков журналист Болот Темировдун аскердик билетти боюнча маалымат берди.

undefined

“Аскердик билет белгилүү бир адамга берилген. Тийиштүү тартипте алган. Аскер комиссариаттан аскердик билетти алгандыгы боюнча эч кандай күмөн жок. Тергөөдөгү фигуранттын (ред.: - Болот Темиров) паспортту мыйзамсыз алууда аскердик билеттин номери көрсөтүлүп жатат. Аскер комиссариаты боюнча эч кандай маселе жок”, - дейт Майлибеков.

Буга чейин президент Садыр Жапаров маегинде Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылганын билдирген.

“Ал бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет”, - деген өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон: жасалма документти жасоо жана колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо.

Пикир

Оставить комментарий