Боом капчыгайында 11-апрелге чейин таш кулатуу иштери жүрѳт

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын 8-11-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 140-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кыймылы маал-маалы менен жабылып турат.

"Айдоочуларды Боом капчыгайынан жол эрежесин сактоого чакырабыз. Таш кулатуу иштери жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий