Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.
Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.
"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий