• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий