• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-18-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүп, жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Пикир

Оставить комментарий