Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кечээ, 22-июлда Боом капчыгайында Toyota унаасы жолду бөлүп турган бетонду сүзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 14 жаштагы кыз каза болгон. Ал эми 48 жаштагы М.А. аттуу айдоочу, 44 жаштагы Ш.Э. аттуу аялы жана алардын кыздары: 4 жаштагы М.С., 7 жаштагы М.А., 9 жаштагы М.Б. жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Пикир
Оставить комментарий