Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт. Күнү, убактысы

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, таштарды түшүрүү иштери аталган жолдун 132-чакырымында 22-25-май күндөрү жүргүзүлмөкчү.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аталган күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабылып турат. Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таш кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турмакчы.

Иш-чара Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий