Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 129-чакырымында 24-28-апрель күндөрү (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.
Пикир
Оставить комментарий