Кыргыздар сыяктуу эле, казактарда дагы ымыркайдын төрөлүүсү боюнча каада-салттарда кылымдаган жана байыркы ишенимдердин тажырыйбалары камтылган. 5-6 жашка чейин балдар жана кыздар бирге тарбияланган. Балдарга ымыркайында жасалган бардык жөрөлгөлөр, жыныстык өзгөчөлүккө ээ эмес. Кээ бир уул жана кыз баланын ымыркайында жасалган жөрөлгөлөрдүн мааниси эмес, майда бир бөлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрү бар.
Жаңы келген келин менен кайненеси болгон кеп-кеңештери менен бөлүшөт, себеби келин оор учурларды, кыйынчылыктарды кыйналбай жеңүүсү үчүн. Ымыркайдын төрөлгөнүн билген киши, өзгөчө тукумду улоочу эркек бала жарыкка келсе, биринчилерден болуп бардык туугандарга кабарлаш үчүн “сүйнши” деп кыйкырган. “Сүйншини” уккан адамдардын бардыгы эле жакшылык болгонун билип, салтка ылайык, кабар алып келген адамга белек берилген.
Казактарда да башка элдердегидей эле, ымыркайга алгачкы кырк күнү коркунучту сезилген, ымыркайды жин-шайтандардан коргоо керек болгон, алар ымыркайды алмаштырып коюшат деген сыяктуу мусулманчылыкка чейинки түшүнүктөргө ишенишкен. Ошондуктан, кырк күн бою бешиктин жанында чырак күйүп турган, элдик ишенимдер боюнча бардык жаман жандар жарыктан жана күндөн коркушкан.
Ымыркайлардын кийимдери жана коргоочулары кыз же эркек бала үчүн айырмасы жок болгон. Төрөлөрү менен таза жалаякка оролгон. Кийимдерди кары адамдардан жана көп балалуу үйдүн балдарынын кийимдерин алган аракет кылышкан. Андан кийин, кырк күндүк жөрөлгөгө чейин “ит көйлек” көйнөгүн кийгизишкен, бардык жөрөлгөлөрдөн кийин кадимки көйнөк кийгизе башташкан.
Бул мезгилде казактарда биринчи, үчүнчү, бешинчи, жетинчи жана кыркынчы күндөрү белгиленген. Биринчи күнү жаштар чакыруусуз эле шилдеханда чогулушкан, себеби салтка ылайык, ымыркайдын туулганын белгилеш керек. “Кындык шеше” майрамдарда башкы ролду ойногон. Ал ымыркай үчүн экинчи эне катары эсептелген, “кындык шеше” бул киндиктеш энеси же өкүл энеси десек болот. Экинчи эне ымыркайдын алгачкы кырк күнүндө чоң роль ойнойт жана маанилүү конок болуп саналат. Өкүл эне сөзсүз түрдө энергиялуу, тартиптүү, чынчыл болуусу керек, анткени, казактардын сыйкырдуу күчтөргө болгон ишенимине ылайык, анын сапаттары ымыркайга берилет. Ал дайым сыйлуу мейман болуп, ар бир белгиленген күнү ымыркайга жана энесине белектерди алып келип берген.
Андан кийин, кыркынчы күнү “колжа” жөрөлгөсү өткөрүлгөн.
Колжа - бул төрөттөн кийин аял кишинин күчүн чыңдаган ритуалдуу тамак. Ысык шорпо биринчи төрөгөн аялга берилип, андан соң башкаларга берилген. Мындай күнгө жаш малды союшкан. Өгөчө моюн омурткасына көңүл бурушкан. Мүлжүнгөн сөөктү ыргытпай, жүлүн каналына таякча бойлотуп жана бозүйдүн аял бөлүгүнө илишчү. Качан гана ымыркай моюунун кармап калганда гана сөөктү алышкан. Бул жөрөлгө кыргыздар арасында дагы колдонулат.
Кыркынчы күнү дагы бир маанилүү жөрөлгө бар. Ал “кыркын шыгару” деп аталат. Бул жөрөлгө ымыркай кыркынчы күнгө толгондо жасалат. Бирок, казактар ырым кылып эркек баланын кыркын бир күн эрте чыгарышат. Бала күчтүү жана тайманбас болсун деп, ал эми кыздардын кыркын бир күн кеч чыгарган,сөз уккан, токтоо жана сыйчыл кыз болсун деп. Ымыркайды туздуу сууга жуунтуп, андан кийин кырк кашык сууга чайканткан. Мындай жөрөлгөгө катышкан аялдарга белек катары идиштин түбүнө атайын тыйын жана күмүш жасалгаларын салып коюшкан. Ушул күнү эле ымыркайдын чачын жана тырмагын алышкан. Эрежеге ылайык, мындай жөрөлгөдө бир гана аялдар катышкан. Бул салттагы жөрөлгөгө атайын арналган нандар жасалып, таратылган.
Казактардын бардык жөрөлгөлөрүнүн ичинен эң кызыктуусу “тусау кесу”. Тушоо кесүү салты ымыркайдын басып калган учуруна туура келет. Анда баланын бутуна ак-кара жүндөн жасалган жипти көп балалуу эне жана күч-кубаттуу, кыймылдаганы шайдоот болгон аялга байлаткан, аны менен ал балага өз сапаттарын берген деп эсептешкен. Кесилген жипти аягында өрттөшкөн. Бул жөрөлгө балага жаңы жашоого эшик ачып, ак-кара жип болсо анын өмүрүндө ар кандай сыноолор болорун, аларды татыктуу жеңип чыгуу керектигин билдирет.
Мурунтан бери бабалар азан чакырып ат коюуга зор маани берип келишкен. Жөрөлгөнү ымыркайдын төрөлгөн күнүнөн кырк күн өткөндөн кийин, айылдагы аксакалдар чогулуп таңкы намазда ага ысым ыйгарышкан. Молдо ымыркайдын кулагына ысымын үчжолу айткан.
Ошондой эле, казактарда “бесик салу” (бешикке салуу) жөрөлгөсү бар. Бул жөрлгөнү киндик энеси жасаган. Ал ымыркайды жети нерсе менен жапкан: атайын жууркан, халат, кийиз чапан, тон жана үстүнөн эркек болсо жакшы чабарман болсун деген тилекте, ээрди же камчыны койгон, ошондой эле бычак койгон, анын мааниси жин-шайтандардан коргоо үчүн болгон. Эгерде кыз болсо, сулуу болуп чоңойсун деген ишеним менен ага күзгү жана тарак коюшкан.
Кыргыз жана казак элдеринде ымыркайдын төрөлүшүнө байланыштуу салт-санаа, жөрөлгөлөрдү азыркы убакка чейин кеңири колдонуп келишет. Мындай жөрөлгөлөр канча кылымдан бери келе жатса да, толук сакталып укумдан-тукумга берилип келе жатат.
Ымыркайды жакшы көрүп “кандай сулуу!” деп айтууга болбойт, эгер айтып алган болсоң үч түкүрүп коюу керек.
Балага көз тийгизип албоо үчүн ата-энеси чекесине “танба”, белги коюшкан.
Куру бешикти терметүүгө болбойт. Бул жагдайды баласы чарчап, акылын жоготкон, бактысыз эне терметет деп жоорушкан. Жамандыкты чакыруунун белгиси катары да эсептешет.
Жакшы жөрөлгөлөрдүн бири бала эки бутунун ортосунан эңкейип караганда, жол карап жатат деп айтышкан. Эгер бала жол карап калса, алыстан конок келе жатат деп жорушкан.
Ымыркай биринчи жолу үйгө конокко келсе ага курчоо, тактап айтканда анын белине жолук байлап белек беришкен. Бул ырымдын мааниси келген ымыркайдын жашоого болгон кызыгуусу жоголбосун, көңүлү калбасын, жүрөгү муздабасын, биринчи келген үйүнөн жакшы ой менен кайтсын, дайыма ушул үйдүн коногу болуп жүрсүн деген тилектер менен ырымдашкан. Эгерде ымыркай үй ээсинин муздак кабыл алганын сезсе, көңүл калуу менен кетет, ошодо үй ээсинин төбөсүнөн бакыт, ийгилик, дасторконунан береке кетет деп эсептешкен.
Булагы: CA-NEWS
Пикир
Оставить комментарий