• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Борбор калаада "Бишкек – Келечектин шаары" хакатону өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын жана колледж-лицейлердин студенттери арасында маалыматтык жана изилдөө долбоорлору боюнча "Бишкек – Келечектин шаары" хакатону өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, конкурс 28-октябрдан 30-октябрга чейин созулмакчы.

Конкурс төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

  • экология жана шаарды көрктөндүрүү;
  • дени сак жашоо образы.

Конкурстун максаты – Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу, экологиялык абалды жакшыртууга, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаар тургундарынын дени сак жашоо образын колдоого жардам берүүчү санариптик чечимдерди түзүү.

Конкурстун милдеттери:

  • экология жана шаарды көрктөндүрүү:

Таштандыларды кайра иштетүү, абанын булганышын азайтуу жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу.
Долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
Таштанды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча тиркемелер.
Абанын сапатын жана анын ден соолукка тийгизген таасирин көзөмөлдөөчү системалар.
Навигацияны жакшыртуу, унаа токтотууларды башкаруу жана жол тыгындары менен күрөшүү боюнча программалар жана тиркемелер.

  • дени сак жашоо образы:

Шаар тургундарынын физикалык жана психикалык ден соолугун колдоо үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу.
Долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
Саламаттык диагностикалоо жана көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркемелер.
Дени сак жашоо образын жайылтуу үчүн тиркемелер (мисалы, машыгуу программалары, активдүүлүктү көзөмөлдөөчү тиркемелер).
Дени сак жашоо образын колдоо үчүн виртуалдык кеңешчилерден сунуштар.

Конкурска катышуу үчүн 25-октябрга чейин онлайн форматта шилтеме аркылуу саат 00:00гө чейин арыз берүү керек.

Пикир

Оставить комментарий