• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Борбор калаада “Бишкек – келечектин шаары” хакатону өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Борбор калаада 28-30-октябрь күндөрү “Бишкек – келечектин шаары” хакатондук сынагы болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан МУИТ менен биргеликте Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү, экологиялык абалды жакшыртууга жардам бере турган санариптик чечимдерди түзүү, борбордун инфраструктурасын жана жарандардын сергек жашоо образын колдоо максатында уюштурулду.

Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун, орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы мелдешке 18ден ашык команда, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерден эки команда катышты.

Биринчи күнү катышуучуларга инновациялык чечимдерди табуу үчүн алдыңкы эксперттерден маанилүү киришүү көрсөтмөлөрү берилип, лекциялар өттү.

Экинчи күн практикалык көнүгүүлөргө жана мастер-класстарга арналып, катышуучулар шаардык чөйрөнү жакшыртуу боюнча инновациялык долбоорлорду иштеп чыгышты.

Ал эми үчүнчү күнү катышуучулар креативдүүлүктү жана инновациялык чечимдерди көрсөтүү менен өз долбоорлорун тартуулашты.

Калыстар тобу катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана сунушталган долбоорлордун олуттуу потенциалын белгиледи. Жыйынтыгында сунушталган идеялардын бир нечеси мындан ары ишке ашыруу жана шаардын инфраструктурасында мүмкүн ишке ашыруу үчүн жактырышты.

“Бишкек – келечектин шаары” хакатон сынагынын жеңүүчүлөрү эки багыт боюнча акчалай сертификаттарга ээ болушту.

Алар:

- экология жана шаарды көрктөндүрүү:

«Cyber League» командасы – 1-орун, 15 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
“CodeMaSterS” командасы (МУКР Политехникалык колледжи) - 2-орун, 10 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
“Ctrl+C Ctrl+V” командасы (КОМТЕХНО) – 3-орун, 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
«MentalX» (TSIAUCA) командасы: «Эң креативдүү чечим» номинациясында жеңүүчү деп аталып, 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

- сергек жашоо образы:
“CodeCrafters TEAM” командасы (KOMTEXHO) - 1-орун, 15 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
«PROFTIT» командасы (АЛА-ТОО КОЛЛЕДЖ) - 2-орун, 10 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
“StandTeam” командасы (МУКР) – 3-орун, 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык;
«Dream Team» (МУКР) – мобилдик түзүлүштөр үчүн мыкты тиркеме номинациясы боюнча жеңип, 5000 сом акчалай сыйлык утуп алды.

Белгилей кетсек, хакатон жаштардын инновациялык потенциалын көрсөтүү үчүн эң сонун аянтча болуп жана санариптик технологиялар санариптик келечекке карай жаңы жетишкендиктерди өзгөртө аларын далилдеди.

Пикир

Оставить комментарий