Борбор калаага 120 электробус келиши күтүлүүдө – Бишкек мэри

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Калаа башчысы белгилегендей, учурда борбор калаада маршруттук каттамдардын оптималдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. "1200 микроавтобус шаардын борбордук көчөлөрүнөн чыгарылды. Алардын ордуна автобустар киргизилди", - деди Айбек Жунушалиев.

“Коомдук транспортторду көбөйтүү максатында республикалык бюджеттен 1000 автобус алынды, ЕБРР аркылуу 114 автобус, Германиядан грант боюнча17 автобус алынды", - деп кошумчалады ал.

Айбек Жунушалиев баса белгилегендей, жакынкы арада Бишкек шаарына Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий