• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Борбор калаанын Раззаков көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Борбор калаанын Раззаков көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Раззаков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу жана демонтаждоо иштери аяктады.

Мындан тышкары, аталган көчөнүн эки тарабындагы тротуарларды оңдоп, ирригация системасын орнотуу пландалууда.


Пикир

Оставить комментарий