• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Борбордук Азия лидерлеринин кийинки консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт

Саясат 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кийинки, үчүнчү Консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн мамлекет башчылары ишенимдүү маанайда аймактык кызматташтык маселелеринин кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалог жүргүзгөнүн белгиледи.

Белгиленген позитивдүү аракеттерди улантууну абдан маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу кийинки Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даярдык билдирем», — деп жыйынтыктады Кыргызстандын Президенти.

Пикир

Оставить комментарий