• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ишканасында жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ачык акционердик коомуна барып, ишканада жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын башкы директору Талайбек Байгазиев энергетикалык эсептөө борборун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКта 2019-жылдын июль айынан бери көп иштер жасалды. Энергетикалык компаниялардан жөнөтүлгөн кызматкерлер менен компаниялар арасында дагы, дегеле жалпы энергетика тутуму боюнча электр энергиясына эсептешүү маалында баланс түзүү үчүн форма, таблица жана маалымдамаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктап калды. Электр энергиясын каттай турган бириккен жабдууларды түзүү процесси учурда активдүү фазада, ошондой эле эркин баланс үчүн энергетика компанияларынан маалыматтарды чогултуу уюштурулду. Ата мекендик энергетика тутумундагы энергетикалык объекттер боюнча иерархиялык «дарак» түзүлдү. Мындан тышкары GIS картасына кошулган электр станцияларды жана кубаттуулугу 110-500 кВ болгон 197 көмөк чордонду туташтыруунун бардык каттоо чекити жана схемасы киргизилди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ишканага барган учурда эл аралык өндүрүүчүлөр тарабынан таанылган технология боюнча, капсулалык ыкма менен толук изоляцияланган күйбөс имаратка MDM (Meter Data Management System – энергетиканы ченөө маалыматтарын башкаруу) жабдуулары орнотулуучу сервердик имаратты монтаждоо иштери менен таанышты.

«Энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн ишиндеги башкы багыттардын бири энергетика өндүрүшүнө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү болуп саналат. Бул учурдагы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергетикалык компаниялардын ишинин ачыктыгын камсыздоого жана муну менен катар коррупциялык тобокелдиктерди болушунча кыскартууга шарт түзөт. Энергетикалык эсептөө борборун иштетүү Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагындагы маанилүү долбоорлордун бири», - деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, КЭЭБди ишке киргизүү өлкөнүн бүтүндөй энергетика тутумунун тактыгын жана ачыктыгын камсыздайт. Анын айтымында, республикада биринчи жолу түзүлүп жаткан бирдиктүү эсептөө борборунун таасирин энергетика рыногунун бардык катышуучулары сезишмекчи. Көз карандысыз эсептөө борборунун иши энергетикалык компаниялардын ишин жакшыртып, электр энергиясын жоготууларды кыскартат.

Белгилей кетсек, борбордун негизги серверин ишке киргизүү 2019-жылдын ноябрынын биринчи жарымына пландалган. 2020-жылы кыргыз энергетика тутумунун электр энергиясынын дүң рыногунун иши үчүн негиз жана шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары жыл аягына чейин маалыматтарды жыйноону тездетүү максатында жалданма компаниялардын колдоосунда ишкананын кызматкерлери программалык камсыздоо боюнча балансты түзүү жана электр энергиясын жоготууларды эсептөө үчүн программаны орнотуу жана жумушчуларды каттоого, кошуу жабдууларын, негизги жабдыктардын схемаларын жана көрсөткүчтөрүн программага киргизүүгө окутуу максатында бөлүштүрүүчү компанияларга барышат.

Маалымдама: Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору электр энергиясын жоготуулар, балансты түзүү, рыноктун бардык катышуучуларынын эсептөөлөрүн жүргүзүү боюнча маалыматтарды борбордоштуруу максатында түзүлгөн. Борбордун милдети республиканын электр энергетика тутумунун бардык катышуучуларынын ишин жөнгө салуу жана эсептөөлөрдүн бирдиктүү тутумун киргизүү аркылуу алардын ортосунда өз ара аракеттешүүнү иштеп чыгуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий