Боронов: Таза суу көйгөйүн чечүүгө быйыл бюджеттен 200 млн сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, азыркы учурда өлкө аймагындагы 584 айыл тургундары таза суу тартыштыгы бар. Мындай көйгөйдү чечүү максатында быйыл бюджеттен 200 млн сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан «өкмөттүк саатта» Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Вице-премьер таза суу көйгөйүн чечүү жаатында бир катар эл аралык каржы уюмдары каржылык көмөк көрсөтүп келатканын баса белгиледи. «Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү - гранттык жардамдар. Биздин Өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы карап келет», - деди Кубатбек Боронов.

Пикир

Оставить комментарий