Боронов: Жакында 250 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга берилет

Коом 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Жакында 250 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга берилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, дыйкандарга жазгы талаа иштерине деп 80 техника берилди. "Учурда айыл чарба техниканын даярдыгы 91,5%ды түзөт. Дыйкандарга жалпы 250 даана айыл чарба техникасы берилет", - дейт вице-премьер.

Ошондой эле Боронов белгилегендей, жазгы талаа иштерине дизелдик отун менен дыйкандарды камсыздоо 80%гы бүткөрүлгөн. "Жазгы талаа иштерине 40,6 миң тонна дизелдик отун талап кылынса, 32,4 миң тонна же 80% камсыз болду. Өлкөдө 65,3 миң тонна минералдык жер семирткич бар. Минералдык жер семирткичтерди ташыган ишканалар менен Айыл чарба министрлиги январь айынан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзүлгөн", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий