• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Боронов: Жол кырсыктарынын 86 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болгон

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүк саат өтүп жатат. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун берген маалыматына караганда, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек – Ош автожолунда айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда. «Акыркы жылдарда жол кырсыгы он эсеге көбөйдү. Статистикага ылайык, жол кырсыктарынын 86 пайыздан ашыгы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болгон. Акыркы 10 жылда 10 миӊден ашык адам каза болду. Ал эми Бишкек – Ош жолунда жалпы автокырсыктардын 57 пайызы катталган», - деп, ал акыркы мезгилде жол кырсыктарынын азая баштаганы байкалганын кошумчалады.

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу алкагында ордо калаанын көчөлөрүндө 4 тесттик видеокамера орнотулганы, жолдо жүрүү эрежелеринин 6 түрү боюнча 113 миӊден ашуун тартип бузуу катталганы белгилүү болду. «Акылдуу шаар» долбоору 2 этапта ишке ашырылат. Мисалы, анда 2018-2019-жылдары Бишкек шаары, Бишкек – Чалдыбар, Бишкек – Кемин сындуу жолдор, ал эми 2018-2020-жылдары Ош, Жалал-Абад, Каракол өӊдүү бир катар шаарлар менен жолдор камтылат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий