• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бостериде жол коопсуздугу боюнча иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.12.24. /Кабар/. Бостериде жол коопсуздугу боюнча иш-чара өттү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ИИМдин эки айлык иш мерчеминин алкагында башкармалыктын жумушчу тобу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолукту.

Жолугушуу Бостери айылындагы Казы Жылкыбаев атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн, авточарбалардын жетекчилери жана дин кызматкерлери катышты.

Анда жумушчу топ жергиликтүү тургундарга жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери, алдын алуу жана болтурбоо багытында тийиштүү маалыматтарды берди. Ошондой эле алар коопсуздук багытында биргеликте иш алып барууга чакырышты.

Иш-чара суроо-жооп жана талкуулар менен коштолуп, катышуучуларга Ысык-Көл облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан даярдалган эскертме буклеттери таратылды.

Пикир

Оставить комментарий