Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС эл аралык спорттук оюндарында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгиленгендей, улуттук курама командасынын мүчөлөрү Иван Курицин, Майсал Мукумбек уулу, Мусулман Жоламанов жана Руслан Литовский аталган оюндарда 4х400 м аралыкка чуркап, 3-орунду ээлешти.
Курама команда машыктыруучулар Алмазбек Казыбеков, Фарид Усманов, Алексей Педен, Куштарбек Таштанбеков жана Анастасия Царёва жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Пикир
Оставить комментарий