БРИКС 2024: Самбочу Канышай Аманкулова коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Канышай Аманкулова БРИКС эл аралык спорттук оюндарында коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 12-июндан 25-июнга чейин Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат.

Мелдешке кыргыз спортчусу 50 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада россиялык София Емелюковадан жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Анда вьетнамдык спортучуну утуп, коло байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий