БРИКС 2024: Кыргызстандын ушу таолу боюнча курамасы 3 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын ушу таолу боюнча курама командасы БРИКС эл аралык спорттук оюндарында 3 медаль (1 күмүш, 2 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 12-июндан 25-июнга чейин Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат.

Кыз келиндер арасында Элес Кокумбек кызы күмүш жана коло медалга ээ болсо, Айсалкын Ташматова 3-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучулар Евгений Лопаткин жана Наталья Нещереттин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий