• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

БРИКС уюму – дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртөт – Улукман Мамытов

Саясат 0

БРИКС уюму дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртө турган уюм. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Казань шаарында өткөн БРИКС саммити көрсөткөндөй, учурда дүйнөнүн 40ка жакын мамлекеттери аталган уюмга мүчө болуп кирүүгө кызыкдар. Алардын катарында Түркия, Малазия, Түштүк Америкадагы бир топ мамлекеттер бар.

“Анткени, бул мамлекеттердин баарына бүгүнкү күндөгү глобалдык-экономикалык каржы системасы жакпай жатат. Мисалы, саммит “БРИКС +” деп аталып, уюмга мүчө негизги 9 өлкөдөн тышкары дагы 30 мамлекет катышууда. БРИКС уюмунун алкагында кызматташуу үчүн кызыкдар экендигин бардык ушул өлкөлөр билдиришүүдө”, - деди Улукман Мамытов.

Белгилей кетсек, БРИКС – бул 9 өлкөнүн башын бириктирген дүйнөдөгү салмактуу уюм. Алгач Кытай, Россия, Индия жана Бразилия өлкөлөрүн бириктирген уюм БРИК деп аталып, кийинчерээк Түштүк Африка (South Africa) кошулгандан кийин БРИКС деген аталышка ээ болгон.

Улукман Мамытов кошумчалагандай, БРИКС уюмуна өткөн жылы Африкадан Египет менен Ефиопия өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыштан Иран менен Бириккен Араб Эмираттары кошулуп, бүгүнкү күндө уюмга 9 өлкө мүчө болууда. Ал эми Сауд Аравиясы жана Аргентина уюмга кошулуу ниетин билдиргени менен расмий түрдө мүчө боло элек.

“Дүйнө жүзүнөн менин билишимче батыш өлкөлөрүнөн эле уюмга катышуу ниетин билдиргендер жок экен. Жалгыз Европанын ичинен Сербия эле болбосо, калган Америка баш болуп Батыш Европа өлкөлөрү эч кандай пикирлерин билдиришкен жок. Ошентип, бир чоң уюм бутунан туруп келе жатканына биз күбө болуп жатабыз. БРИКСтин өзөгүн түзгөн Индия, Кытай, Россия жана Бразилия ар биринин өзүнүн чоң саясаты бар, таасирлүү өлкөлөр. Дүйнөдөгү эң кыйын, экономикасы өнүккөн мамлекеттер Кытай, Америка, Индия жана Россия болуп саналса, ошонун 3 өлкөсү БРИКСке кирип жатканынын өзү эле көп нерседен кабар берет”, - деп билдирди Мамытов.

Улукман Мамытов белгилегендей, G7 тобу же "Чоң жетиликке" кирген АКШ, Европадагы Германия, Франция, Британия, Италия, Канада жана Япония мамлекеттери экинчи дүйнөлүк согуштан кийин учурга чейин дүйнөлүк экономиканы башкарып, алдыга түртүп турат деп эсептелип келген болсо, буга альтернативдик күч катары БРИКС уюму түзүлдү деп айтууга болот.

Эскерте кетсек, 24-октябрда XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий