• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Брюсселде КР менен ЕБ ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгия Падышалыгына иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Президент Садыр Жапаровдун жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин катышуусунда документке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий