• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Брюсселде кыргыз авиакомпанияларын ЕБ кара тизмесинен чыгаруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Брюсселде кыргыз авиакомпанияларын ЕБ кара тизмесинен чыгаруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, 24-25-октябрда Кыргызстандын делегациясынын Бельгиянын Брюссель шаарына болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов менен Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Питер Соренсен, Еврокомиссиянын улук кеңешчиси Питер Бомбей жана Кыргызстандын учуу коопсуздугу маселеси боюнча куратору (кара тизме) Андрей Корнелиус Филиппо менен жолугушту.

Анда Кыргызстандын Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуусун талкуулоо башкы маселе болду.

Данияр Бостонов европалык тарапка Кыргызстандын авиация тармагын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири баяндама жасап, презентация кылды. Авиациялык кызматтардын коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу боюнча иштердин алкагында жаңы программалар киргизилип, инспекторлор окутулду, материалдык-техникалык база жаңыланды, жаңы инспекторлор кабыл алынды, коопсуздукту камсыздоо жол-жоболору жакшыртылды. Ага кошумча мурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча пландар жана жаңы нормативдик документтер көрсөтүлдү.

Петер Соренсен аткарылган иштерди жогору баалап, 2024-жылдын июлунан бери Кыргызстан жетишкен олуттуу жылыштарды белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстандын өкүлдөрүнүн мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директораты менен акыркы жолугушуусу 2024-жылдын июль айынын аягында болгон. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан эл аралык авиациялык стандарттарга шайкеш келүүсүнө карата чечкиндүүлүгүн жана даярдыгын далилдөө менен кара тизме процессинин үчүнчү этабын ийгиликтүү аяктаган болчу.

Бул жолку жолугушуунун соңунда европалык тарап 2024-жылдын ноябрь айынын аягында сунуштала турган Европа биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча жылдык отчетуна Кыргызстанды киргизүү үчүн далилдөөчү документтердин толук пакетин алды.

Агенттиктен белгилешкендей, бул комитет өлкөлөрдү Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарууну талкуулап, чечим кабыл алат, анын курамына DG Move, EASA, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн жарандык авиация агенттиктери кирет.

Кыргызстандын Евробиримдиктин эл аралык аудитин кабыл алууга даярдыгынын деңгээлин эске алуу менен Транспорт комитети европалык тарап каржылаган Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) консультациялык жардамын кыргыз тарапка берүү маселесин көтөрөт. Комитеттин жактыруусунан кийин 2025-жылдын башында өлкөгө учуу коопсуздугу боюнча Европалык агенттиктин инспекторлору консультация берүү үчүн келери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий