• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Брюсселде Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Брюсселде Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги Кыргызстандын Эгемендик күнүнө жана РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мекендештер менен жолугушуу жана кабыл алуу өткөрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Бенилюкс өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспорасынан тышкары, Борбордук Азия мамлекеттеринин, Азербайжан, Беларусь, Монголия, Түркия, Боливия элчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын, Брюсселдеги энергетикалык клубдун, туристтик бирикмелер, агроөнөр жай секторунун, коргоо комплексинин, банк секторунун, Соода-өнөр жай палаталарынын жана бизнес чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Коноктор Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кыргыз элинин маданий мурастары жана өлкөнүн бүгүнкү жетишкендиктери менен таанышты.

Өз сөзүндө элчи Айдит Эркин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын июнунда Брюсселге болгон иш сапарын, ошондой эле Кыргызстан менен Евробиримдиктин өз ара мамилесин жаңы деңгээлге чыгара турган Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий