Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү бүгүн жыйында Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кызматына бекитишти.
Жыйындын жүрүшүндө БШК Бишкек мэрин шайлоодогу добуш берүү жыйынтыгын расмий түрдө тааныды.
Эске сала кетсек, 8-августта Бишкекте мэрди шайлоо болгон. Жалгыз талапкер Азиз Суракматов үчүн Бишкек шаардык кеңешинин 43 депутаты “макул”, бирөө “каршы” добуш берген.
Пикир
Оставить комментарий