• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жогорку Кеңешке Нуржигит Кадырбековдун ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңешке Эрнис Айдаралиев депутат болуп келди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришкендей, ага бош калган мандат “Ыйман-Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча берилди.

Муну менен Эрнис Айдаралиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, күбөлүк жана төш белгини алды.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул партиядан Нуржигит Кадырбеков өз каалоосу менен мандатын тапшырган болчу.

Пикир

Оставить комментарий