• 87
  • 91.29
  • 0.84

БШК: Эртеңки шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Эртеңки жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, бардык шайлоо тилкелерине жаңы жабдуулар жеткирилүүдө.

"Бул шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы биометрикалык жабдууларды киргизүү, ошондой эле шайлоо бюллетендерин жеринде даярдоо болуп саналат. Эгерде бир айылдык кеңеште 3 округ болсо, анда ар бир округдун өзүнүн бюллетени болот. Жабдууларды алып келген компания эч кандай мүчүлүштүктөр болбойт деп ишендирүүдө. Эгерде мурда бюллетень бузулган учурда аны жаңысына алмаштыруу мүмкүн болсо, бул учурда аны алмаштырса болот, бирок бир гана жолу. Ар бир бюллетендин өзүнүн QR коду болот, бул код машинага алынып келинет жана ал жаңы бюллетенди басып чыгарат. Бирок эскиси автоматтык түрдө жокко чыгарылат", - деди ал.

Ал бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү аралыктан добуш берүү экенин белгиледи.

"Бул үчүн Кыргызстан боюнча 10 шайлоо тилкеси ачылды. Анын ичинен Бишкекте - 4, облустардын борборлорунда - 6. Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын көпчүлүгү Бишкекте катталган", - деди Жылкыбаев.

Пикир

Оставить комментарий