ЖК депутаттарын шайлоо. Массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо тартиби тууралуу

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Руслан Изреков 2021-жылдын 28-ноябрындагы Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо ММК жана Интернет-басылмаларын аккредитациялоо эрежелери тууралуу айтып берди.

КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө массалык маалымат каражаттарын жана Интернет-басылмаларын аккредитациялоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.

Аккредитациялоо үчүн ММК жана Интернет-басылмаларынын жана алардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган ММКлар төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүгө тийиш:

  • шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даярдыгы тууралуу билдирүү, мында ММК же Интернет-басылманын жетекчисинин аты-жөнү, координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт;
  • өз өкүлдөрүнүн тизмеси;
  • КР Юстиция министрлигинде ММКнын катталуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • мамлекеттик каттоо же юридикалык жакты кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн же салык органдарындагы катталуусу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, башкача айтканда, Интернет-басылмалар үчүн жеке ишкерликтин патенти, эгер устав болсо, анын көчүрмөсү;
  • эфир убактысын жана басылма аянтчасын же Интернет-басылмага чыгаруу укугун көрсөткөндүгү үчүн төлөмдүн көлөмү жана башка шарттары тууралуу тастыкталган маалымат, башкача айтканда, прайс-баракчасы.

ММК жана Интернет-басылмаларынын жогоруда аталган бардык документтери электрондук вариантта КР БШК почтасына жөнөтүлөт.

БШК тарабынан аккредитацияланбаган ММКларда жана Интернет-басылмаларында шайлоону чагылдырууда маалыматты жана маалыматтык билдирүүлөрдү жарыкка чыгарууда шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эч кандай белгилери болбошу керек.

БШК эскертет: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн кирүүсүнө байланыштуу, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөт. Шайлоодо Жогорку Кеӊештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча, ал эми 54 – пропорционалдык система боюнча ачык тизме менен бирдиктүү шайлоо округдарынан шайланат.

Пикир

Оставить комментарий