• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

БШК президентке Сузак районунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө президентине мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун ордуна №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштайт.

Буга чейин БШК Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов өз каалоосу менен мандатып тапшырганын билдирген.

Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы бүгүн Борбордук шайлоо комииссиясынын жыйынында каралган.

Анын жыйынтыгы менен БШКнын мүчөлөрү Икрамовдун арызын бир добуштан колдоп, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Пикир

Оставить комментарий