• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

БШК: Президенттике талапкерлерди каттоо 15-июнда башталат

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Мыйзам боюнча 15-июнда президенттикке талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алынып баштайт. Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттигине Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, талапкерлерди каттоо шайлоого чейин 4 ай эрте башталат. “Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленди. Мындан улам, ЖК депутаттары мыйзам боюнча шайлоону өткөрүүнүн датасын эртең жарыялашы керек. Бирок, алар аны жасабаган күндө деле, шайлоо өтчү күн автоматтык түрдө белгиленген болуп калат. Буга ылайык, БШК үч календардык күндүн ичинде билдирүү жасайт. Ал билдирүү болгон учурдан тартып, биз кандидаттардын документтерин кабыл ала баштайбыз. Каттоо 31-августка чейин уланат. Тагыраагы шайлоого 45 күн калганда каттоо токтойт”,-деди К. Осмоналиев.

БШКнын мүчөсү билдиргендей, президенттике талапкер болуш үчүн жарандардан аны колдогон 30 миң кол топтолушу керек. Ошондой эле, Кыргызтесттен мамлекеттик тилди билгендиги тууралуу сертификаты болушу шарт. Мындан тышкары кандидат 15 жылдан кем эмес Кыргызстанда жашашы абзел.

Ошондой эле, Кайрат Осмоналиев, “документтерди, андан соң талапкерлерди кабыл ала баштайбыз. Эгерде талапкер кайсы бир кызмат ордун ээлеген болсо, маселен, премьер-миинстр болуп турса, анда ал каттоодон өткөн учурдан тартып, убактылуу өзүнүн кызматынан четтеп турат”, –деди.

Белгилей кетсек бүгүн, ЖКдагы тиешелүү комитетте шайлоону өткөрүү күнүн жарыялоо маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий