• 87
  • 90.41
  • 0.84

БШК: Свердлов округунан Салымбеков, Ысык-Көл округунан Тыналиев жеңди

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо боюнча эки округдун жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Жумабек Салымбеков жеңүүчү деп табылды. Ал 10 623 шайлоочунун добушун (64,68%) алган.

Ал эми №36 Ысык-Көл округунан Айжигит Тыналиев утуп чыкты. Ага шайлоочулардын 16,04%ы добуш берген.

Эске салсак, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөн.

Учурда Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын маалыматына ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 596 (45.12%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий