• 87
  • 91.29
  • 0.84

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун сунуштайт – видео

Коом 0


Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жолдорун түшүндүрдү.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат.

Шайлоо күнү сиз:

  • эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиңиз керек;
  • шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз;
  • операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган паспорт, же "Түндүк" системасындагы ID-картанын электрондук түрү болушу мүмкүн. Оператор сизди биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациялайт. Аныктоодон кийин аппарат сизге чек жана шайлоо бюллетенин берет;
  • чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берип, шайлоочулардын тизмесине кол коесуз;
  • шайлоо бюллетениңиз менен добуш берүү кабинасына өтөсүз;
  • эгерде сиз шаардык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаңыз, бюллетенде добушуңузду бере турган партияны тандаңыз. Эгерде сиз айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаныз, анда талапкерлерди тандаңыз;
  • бюллетенинизди автоматтык түрдө окуган урнага киргизиңиз;

БШК татыктууну тандоону жана ар бир добуш маанилүү экенин эскертет.

Шайлоо участогунун номерин жана дарегин 119, 1255 номерине чалып билсеңиз болот.

Пикир

Оставить комментарий