Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин пикири боюнча, коомдук транспорттун жол кире тарифин толугу менен борбор калаанын мэриясына өткөрүп берүү керек.
Чиновник социалдык тармактарга билдиргендей, кыскача айтканда коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү көйгөйү 7 жылдан бери мэриянын жана БШКнын күн тартибинде турат.
“Азыркы тарифтер 10 жылден бери өзгөртүлө элек. Бул маселе транспорттук компаниялар тарабынан көтөрүлгөндө эле мэрия тарифтерди бекитүү БШКнын милдетине кирерине шилтеме берет. Өз кезегинде БШК сессияда иштеген жамааттык орган болуп туруп, бул маселени адистештирилген комиссияларда, жумушчу топтордо карап, кайра кароого жөнөтөт, ал арада курам өзгөрөт жана башка. Мунун бары көйгөйдүн бюрократизациясына, комиссиялардан мэрияга жана кайра артка кайтарууга алып келип, аягында маселе ондогон жылдар бою чечилбей келет. Транспорттук компаниялар мэрия БШКга, БШК мэрияга шилтеме берүүсүнө нааразы, ортодо элдер, бишкектиктер жапа чегүүдө, ал эми маселе чечилбеген бойдон калууда”,-деп жазган ал.
Анын айтымында, БШКнын учурдагы чакырылышы аталган маселени тармактык комиссияда кароону баштады.
“Биз бул маселени аягына чыгарабыз, ишти карап, тарифти бекитебиз. Бирок бул тез өзгөрүп жаткан социалдык-экономикалык кырдаалда жакын арада пайда боло турган бул маселени күн тартибинен алып салбайт. Анан дагы бир нече жылдар бою ошол эле көйгөй уланат. Мен БШКсыз эле коомдук транспорттун тарифтерин өз алдынча, тез өзгөртүп жана бекитип туруу үчүн тарифтерди өзгөртүүнү, бекитүүнү толугу менен Бишкек шаардык мэриясынын кароосуна өткөрүп берүү керек деп эсептейм. Азыртан эле транспорт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда жана өзгөртүүлөрдү жана бекитүүнү талап кылган башка ченемдик укуктук актыларда дал келбестиктер жана карама-каршылыктар бар», - деп жазган Конгантиев.
Пикир
Оставить комментарий