• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүк маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бүгүн Будапешт шаарында Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Адам Штифтер менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүктүн маселелери талкууланды. Тараптар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Кыргызстанга боло турган иш сапарын даярдоого өзгөчө басым жасашты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы чыгарылды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жана Stipendium Hungaricum стипендиялык программасын талкуулашты.

Мамлекеттик катчы Адам Штифтер мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен биргелешип иштөөгө даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий